Россия Федерациясынын террористтик иштерге катышкандыгына жана көмөк көрсөткөндүгүнө жоопкерчиликти белгилөөчү мыйзамдарынын ченемдерин түшүндүрүү боюнча чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок жактар үчүн
ЭСКЕРТКИЧ
Урматтуу чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок жактар!
Террордук иш менен байланышкан төмөндө көрсөтүлгөн аракеттерди жасоого, эл аралык террордук уюмдарды каржылоону, алардын катарына кирүүнү (тартууну) камтыган кайсы-бир жардамдарды көрсөтүүгө, ошондой эле террордук мүнөздөгү кылмыштар жасалгандыгы жөнүндөгү Сиздерге белгилүү фактыларды жашырууга жана алар тууралуу полицияга, Коопсуздуктун федералдык кызматына, прокуратурага жана башка мамлекеттик органдарга билдирбей коюуга жол берилбестиги жөнүндө Сиздерге билдиребиз. Белгиленген кылмыштарды жасагандыгы үчүн эркиндигинен өмүр бою ажыратууга чейин жеткен кылмыш жазасы каралган.
«Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө» 2006-жылдын 06-мартындагы №35-ФЗ Федералдык мыйзамга ылайык, зомбулук идеологиясы жана мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же эл аралык уюмдардын чечим кабыл алуусуна калкты коркутуу жана (же) материалдык олуттуу залал келтирүү, же башка оор кесепеттердин болушу сыяктуу мыйзамга каршы зомбулук аракеттеринин башка формалары менен байланышкан таасир этүү тажрыйбасы терроризм катары таанылат.
Террордук иш төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) террордук актыны уюштуруу, мерчемдөө, даярдоо, каржылоо жана ишке ашыруу;
2) террордук актыга түрткү берүү;
3) мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү, кылмыштуу коомчулукту (кылмыштуу уюмду), террордук актыны ишке ашыруу үчүн уюшулган топту түзүү, - ал мындай түзүмдөргө катышуу менен барабар;
4) террористтерди азгырма жалдоо, куралдандыруу, окутуу жана пайдалануу;
5) террордук актыны мерчемдөөдө, даярдоодо же ишке ашырууда маалыматтык же башкача көмөк көрсөтүү;
6) терроризмдин идеяларын пропагандалоо, террордук ишти жүзөгө ашырууга чакыруучу, же мындай ишти жүзөгө ашыруу зарылдыгын негиздөөчү же актоочу материалдарды же маалыматтарды жайылтуу.
Жардыруу, өрттөө же калкты кооптондуруучу жана адамдын каза болуу коркунучун жараткан башка аракеттерди жасоо, мүлктүк олуттуу залалдарды келтирүү же бийлик органдарынын, эл аралык уюмдардын ишин туруксуздандыруу, же алардын чечим кабыл алышына таасир этүү максатында башка оор кесепеттерди алып келүү, ошондой эле ошол эле максаттарда көрсөтүлгөн аракеттерди жасоо коркунучтары террордук акты катары таанылат.
Россия Федерациясынын жаза кодексинде «Коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке каршы кылмыш» аталышындагы бир бүтүн глава белгиленген, анын беренелери террордук мүнөздөгү кылмыштарды жасагандыгы үчүн жаза жоопкерчилигин карайт.
205-берене. Террордук акт
1. Жардыруу, өрттөө же калкты кооптондуруучу жана адамдын каза болуу коркунучун жараткан башка аракеттерди жасоо, мүлктүк олуттуу залалдарды келтирүү же бийлик органдарынын, же эл аралык уюмдардын ишин туруксуздандыруу, же алардын чечим кабыл алышына таасир этүү максатында башка оор кесепеттерди алып келүү, ошондой эле бийлик органдарынын же эл аралык органдардын чечим алышына таасир этүү максатында көрсөтүлгөн аракеттерди жасоо коркунучу -
он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Ошондой эле төмөнкү аракеттер:
а) жактардын тобу же уюшулган топ менен алдын ала сүйлөшүлүп жасалган;
б) этиятсыздыктан улам адамды өлүмгө алып келген;
в) мүлктүк олуттуу залалды келтирүүгө же башка оор кесепеттерге алып келген аракеттер, -
он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин биринчи же экинчи бөлүктөрүндө каралган аракеттер, эгер алар:
а) атом энергиясын колдонуу объектилерине кол салуу менен, же ядердик материалдарды, радиоактивдик заттарды же радиоактивдик нурлануу булактарын, же уулуу, ууктуруучу, токсиндүү, кооптуу химиялык же биологиялык заттарды пайдалануу менен байланышкан болсо;
б) адамды атайын өлүмгө алып келсе, -
он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же эркиндигинен өмүр бою ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Террордук актыны даярдоого катышкан адам эгер ал бийлик органдарына өз учурунда алдын ала эскертүү берүү менен же башка ыкма менен террордук актынын жүзөгө ашырылышын болтурбоого түрткү берсе жана ал адамдын аракеттеринде кылмыштын башка курамы камтылбаса, ал жаза жоопкерчилигинен бошотулат.
205.1-берене. Террордук ишке көмөк көрсөтүү
1. РФ ЖК нын 205.2-беренеси, 206-беренесинин биринчи жана экинчи бөлүктөрү, 208-беренеси, 211-беренесинин биринчи-үчүнчү бөлүктөрү, 220, 221, 277, 278, 279 жана 360-беренелери менен каралган кылмыштардын бирин жасоого адамды шыкактоо, азгырып жалдоо же башкача тартуу, көрсөтүлгөн кылмыштардын жок дегенде бирин жасатуу максатында адамды куралдандыруу же даярдоо –
беш жүз миӊ рубль өлчөмүндөгү айып пул менен, беш жылдан он бешке жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
1.1. РФ ЖК нын 205, 205.3, 205.4, 205.5- беренелеринде, 206-берененин үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 211-берененин төртүнчү бөлүгүндө каралган кылмыштардын бирин жасоого адамды шыкактоо, азгырып жалдоо же башкача тартуу, көрсөтүлгөн кылмыштардын жок дегенде бирин жасатуу максатында адамды куралдандыруу же даярдоо, ага тете терроризмди каржылоо –
үч жүз миӊ рублдан жети жүз миӊ рублга чейин өлчөмүндөгү айып пул салуу менен, сегиз жылдан он бешке жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга, же эркиндигинен өмүр бою ажыратууга жазаланат.
2. Ушул берененин биринчи же бир. 1-бөлүктөрүндө каралган, адам өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен жасалган аракеттер, -
беш жүз миӊ рублдан бир миллион рублга чейин айып пул салуу менен, он жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга, же эркиндигинен өмүр бою ажыратууга жазаланат.
3. РФ ЖКнын 205-беренесинде, 206-беренесинин үчүнчү бөлүгүндө, 208-беренесинин биринчи бөлүгүндө каралган кылмыштардын жок дегенде бирин жасоого шыкактоо, -
он жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4. РФ ЖКнын 205, 205.3-беренелеринде, 206-беренесинин үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 211-беренесинин төртүнчү бөлүгүндө каралган кылмыштардын жок дегенде бирин жасоону уюштуруу, же анын жүзөгө ашырылышына жетекчилик кылуу, ага тете терроризмди каржылоону уюштуруу -
он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же эркиндигинен өмүр бою ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. 1. РФ ЖКда терроризмди каржылоо деп алар РФ ЖКсынын 205, 205.1, 205.2, 205.3, 205.4, 205.5, 206, 208, 211, 220, 221, 277, 278, 279 жана 360-беренелери менен каралган кылмыштардын жок дегенде бирин уюштурууну, даярдоону же жасоону каржылоо үчүн багытталгандыгын билүү менен, же көрсөтүлгөн кылмыштардын жок дегенде бирин ал жасоосу үчүн адамды каржылоо же башкача материалдык камсыз кылуу үчүн, же бул кылмыштардын бирин жасоо үчүн түзүлгөн же түзүлүүчү уюшулган топту, мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү, кылмыштуу коомчулуктарды (кылмыштуу уюмдарды) камсыз кылуу үчүн каражаттарды берүүсү же топтоосу, же каржылык кызматтарды көрсөтүүсү түшүнүлөт.
1.1.Кеӊештери, көрсөтмөлөрү, маалыматтарды, каражаттарды жана кылмыш жасоого куралдарды берүүсү, же аны жасоого тоскоолдуктарды жоюусу, ошондой эле кылмышкерди, кылмыш жасаган каражатты же куралды, кылмыш изин же кылмыш жолу менен алынган буюмдарды жашырууга убада берүү менен кылмыш жасоого атайын түрткү берүү, ага тете мындай нерселерди сатып берүү же таап берүүгө убада берүү - бул беренеде шыкакчы катары түшүнүлөт.
205.2-берене. Террордук ишти жүзөгө ашырууга эл алдында чакырыктар, терроризмди эл алдында актоо же терроризмди пропагандалоо
1. Террордук ишти жүзөгө ашырууга эл алдында чакырыктар, терроризмди эл алдында актоо же терроризмди пропагандалоо
эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Жалпыга маалымдоо каражаттарын, же электрондук же маалымат-телекоммуникациялык тармактарын, анын ичинде «Интернет» тармагын пайдалануу менен жасалган ошол эле аракеттер, -
беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. 1. Терроризмдин идеологиясын жана тажрыйбасын туура, колдоого жана аны тууроого муктаж деп таануу жөнүндө эл алдында жарыялоо - бул беренеде терроризмди эл алдында актоо деп түшүнүлөт.
1.1. Адамда терроризмдин идеологиясы, анын жагымдуулугуна ишеними же террордук ишти жүзөгө ашырууга болоору жөнүндө ойдун калыптанышына багытталган материалдарды жана (же) маалыматтарды жайылтуу боюнча иштер - бул беренеде терроризмди пропагандалоо деп түшүнүлөт.
2. РФ ЖКсынын 205 - 206, 208, 211, 220, 221, 277, 278, 279, 360, 361-беренелеринде каралган кылмыштардын жок дегенде бирин жасоо – бул беренеде террордук иш деп түшүнүлөт.
205.3-берене. Террордук ишти жүзөгө ашыруу максатында окуудан өтүү
Террордук ишти жүзөгө ашыруу же РФ ЖКсынын 205.1, 206, 208, 211, 277, 278, 279, 360 жана 361-беренелеринде каралган кылмыштардын бирин жасоо максатында жактын окуй тургандар үчүн ачык жүргүзүлгөн окуудан өтүшү, анын ичинде дене бойлук жана психологиялык даярдыктан өтүү сабагынын жүрүшүндө көрсөтүлгөн кылмыштарды жасоо ыкмаларын, куралды, айлана-чөйрөгө коркунуч жараткан жарылма түзүлүштөрдү, жардыргыч, ууландыруучу, ошондой эле башка заттарды жана нерселерди колдонуу эрежелерин үйрөнүүдө билимди, практикалык билгичтиктерди жана көндүмдөрдү алуу, -
он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга, же эркиндигинен өмүр бою ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул беренеде каралган кылмышты жасаган жак, эгер ал террордук ишти жүзөгө ашыруу же РФ ЖКсынын 205.1, 206, 208, 211, 277, 278, 279, 360 жана 361-беренелеринде каралган кылмыштардын бирин жасоо максатында көз көрүнөө окуу жүрүп жаткандыгы жөнүндө бийлик органдарына айткан болсо, жасалган кылмыштын ачылышына же мындай окуудан өткөн, мындай окууну жүзөгө ашырган же каржылаган башка жактарды, ошондой эле ал жасалган жерлерди табууга көмөк көрсөтсө, жана анын аракеттеринде кылмыштын башка курамы камтылбаса жаза жоопкерчилигинен бошотулат
205.4-берене. Террордук коомчулукту уюштуруу жана ага катышуу
1. террордук ишти жүзөгө ашыруу же РФ ЖКсынын 205.1, 205.2, 206, 208, 211, 220, 221, 277, 278, 279, 360 жана 361-беренелеринде каралган кылмыштардын бирин же бир нечесин, же терроризмди пропагандалоо, актоо жана колдоо максатында башка кылмыштарды даярдоо же жасоо максатында алдын ала бириккен террордук коомчулукту, т.а., жактардын туруктуу тобун түзүү, ага тете террордук мындай коомчулукка, анын бөлүгүнө же мындай коомчулукка кирген түзүмдүк бөлүмдөргө жетекчилик кылуу -
бир миллион рублге чейинки айып пул салуу менен, он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга, же эркиндигинен өмүр бою ажыратууга жазаланат
2. Террордук коомчулукта катышуу -
беш жүз миӊ рублге чейинки айып пул салуу менен, беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. 1. Террордук коомчулукка катышуусун ыктыярдуу токтоткон жана анын болгондугун айткан жак, эгер анын аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо, жаза жоопкерчилигинен бошотулат. Жакты кармаган учурда же андан кийин, же ага карата өндүрүш башталгандан же ага карата тергөө же башка процессуалдык аракеттер башталган учурда же андан кийин террордук коомчулукта катышкандыгын токтотуусу ыктыярдуу деп таанылбайт.
2. Ушул беренеде РФ ЖКсынын 63-беренесинин биринчи бөлүгүнүн «р» пунктунда жана 205.2-беренесинин эскертүүсүндө терроризмди колдоо катары террордук ишти жүзөгө ашырууга түрткү берүүчү кызматтарды, материалдык, каржылык же дагы башка жардамдарды көрсөтүү түшүнүлөт
205.5-берене. Террордук уюмдун ишин уюштуруу жана мындай уюмдун ишине катышуу
1. Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык террордук деп таанылган уюмдун ишин уюштуруу, -
бир миллион сомго чейинки айып пул салуу менен, он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга, же эркиндигинен өмүр бою ажыратууга жазаланат.
2. Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык террордук деп таанылган уюмдун ишине катышуу, -
беш жүз миӊ сомго чейинки айып пул салуу менен, он жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул беренеде каралган кылмышты биринчи жолу жасаган жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык террордук деп табылган уюшмудн ишине катышуусун ыктыярдуу токтоткон жак,эгер анын аракеттеринде кылмыштын башка курамы камтылбаса, жаза жоопкерчилигинен бошотулат. Жакты кармаган учурда же андан кийин, же ага карата өндүрүш башталгандан же ага карата тергөө же башка процессуалдык аракеттер башталган учурда же андан кийин Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык террорчу деп таанылган уюмдун ишине катышууну токтотуусу ыктыярдуу деп таанылбайт.
208-берене. Мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү түзүү жана аларга катышуу
1. Федералдык мыйзамда каралбаган куралдуу түзүмдү (бирикмени, отрядды, дружинаны же башка топту) түзүү, ага тете мындай түзүмдү жетектөө же аны каржылоо -
он жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Россия Федерациясынын кызыкчылыктарына каршы келген максатта, Федералдык мыйзамда каралбаган куралдуу түзүмгө катышуу, ошондой эле чет мамлекеттин аймагында ошол мамлекеттин мыйзамында каралбаган куралдуу түзүмдөргө катышуу, -
сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
211-берене. Абадагы же суу транспортунун кемесин, же темир жолдо жылып жүрүүчү курамды уурдап качуу
4-бөлүк. Террордук актыны жасоо же террордук ишти жүзөгө ашыруу менен байланыштуу абадагы же суу транспортунун кемесин, же темир жолдо жылып жүрүүчү курамды уурдап качуу, ага тете мындай кемени же курамды уурдап качуу максатында басып алуу -
он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга, же эркиндигинен өмүр бою ажыратууга жазаланат.
277-берене. Мамлекеттик же коомдук ишмердин өмүрүнө кол салуу
Анын мамлекеттик же саясий ишин токтотуу максатында, же мындай иш үчүн өч алууга жасалган мамлекеттик же коомдук ишмердин өмүрүнө кол салуу, -
он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга, же эркиндигинен өмүр бою ажыратууга, же өлүм жазасына жазаланат.
278-берене. Бийликти зомбулук менен басып алуу же бийликти зомбулук менен кармап туруу
Россия Федерациясынын Конституциясын бузуу менен бийликти зомбулук менен басып алууга же бийликти зомбулук менен кармап турууга багытталган аракеттер, ага тете Россия Федерациясынын конституциялык түзүлүшүн зомбулук менен өзгөртүүгө багытталган араккеттер,-
он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Россия Федерациясынын конституциялык түзүлүшүн кулатуу же зомбулук менен өзгөртүү максатында куралдуу козголоӊду уюштуруу же ага жигердүү катышуу, же Россия Федерациясынын аймактык бүтүндүгүн бузуу -
он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
360-берене. Эл аралык коргоону пайдаланган жактарга же мекемелерге кол салуу
1. Эл аралык коргоону пайдаланган чет мамлекеттин өкүлүнө же эл аралык уюмдун кызматкерине, ага тете эл аралык коргоону пайдаланган жактардын кызматтык же турак имараттарына, же унаа каражаттарына кол салуу, -
эки жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат.
2. Согуштун чыгуусуна же эл аралык мамилелердин татаалдашына чагым салуу максатында жасалган ошол эле аракеттер, -
беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эгерде Сизге террордук акцияны уюштуруусу, пландоо, даярдоо, террористик актысына шыкакчылык, кандайдыр бир жардам көрсөтүү, анын ичинде каржылоо, эл аралык террордук уюмдарга кирүү (тартуу), терроризм идеологиясын жайылтуу, ушундай ишмердүүлүктү жүргүзүүнүн керектүүлүгүнө үгүттөгөн же актаган ар түрдүү материалдарды жана маалыматты жайылтуу жөнүндө бардык фактылар маалым болсо,
КАЙДЫГЕР БОЛБОҢУЗ!
ушул тууралуу төмөнкү телефондор боюнча билдириңиз:
Россиянын Коопсуздуктун Федералдык Кызматы:
8 (495) 224-22-22 8 (800) 224-22-22 (күнү-түнү)
Москва ш. жана Москва областы боюнча Россиянын Коопсуздуктун Федералдык Кызматынын башкармалыгы
8 (495) 625-28-19 (күнү-түнү)
Москва ш. боюнча Россиянын Ички Иштер Кызматынын Мамлекеттик Башкармалыгынын ишеним кызматы
8 (495) 694-92-29 (күнү-түнү)
Москва ш. Прокуратуранын тынымсыз байланышы
8 (499) 112-37-55 (күнүгө 8:00 ден 21:00 ге чейин)
же Жеке күзөт уюмдун кызматкерине
Москва шаары боюнча Россия Федерациясынын
Ички иштер министрлигинин Башкы
башкармалыгынын Экстремизмге каршы
аракеттенүү боюнча борбору